Коом
Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды
Бишкек шаарынын жашоочуларына 5-октябрга караган түнү саат 12:00дөн кийин жылуулук бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим борбор калаанын күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрук чыгарган.



