Коом

Араван районунда 1 млрд сомдук газоблок заводу курулууда

Араван районунда 1 млрд сомго «Араван Газоблок» заводу курулууда. Ишкана 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизилиши пландалууда.

Завод 4,82 гектар жерге курулуп, жылына 300 миң куб метрге чейин газоблок өндүрө алат. Керектүү чийки заттын 90 пайызы Кыргызстандын түштүгүндөгү жергиликтүү кендерден алынат.

Ишканада 70 туруктуу жумуш орду түзүлөт. Учурда курулуш иштерине 100гө жакын адам тартылган.

Ишкана толук кубаттуулукка чыкканда республикалык жана жергиликтүү бюджетке жыл сайын салык, социалдык жана башка төлөмдөр түрүндө болжол менен 200 млн сом түшөт.

Ош облусунун президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышып, ошондой эле Араван цемент заводунун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты.

Тектеш кабарлар

Back to top button