Окуялар

Өлкөдө жер титирөө катталды

Бүгүн, 12-августта, Кыргызстанда жер титирөө катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн күчү 4,8 магнитуда болгон. m.emsc.eu сайтынын маалыматына караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 13:14тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Бишкектен 124 чакырым түштүк-чыгышта, Нарындан 73 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн магнитудасы 5,1 болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button