Окуялар

Апшыр-Сайдан 1,3 миңден ашык эс алуучу эвакуацияланды, жабыркагандар жок–ӨКМ

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокат районунунАпшыр-Сай эс алуу жайынан 1,3 миңден ашык эс алуучу эвакуацияланды, жабыркагандар жок, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Ошондой эле ӨКМдин тик учагы менен Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 жаш бала), Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.

Жарандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.

«Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Апшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button