Коом

Куралдуу кагылышта жабыркагандардын 298 насыясы жоюлду

Ушул айдын 1-декабрына карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган 474 карыз алуучу финансылык-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Анын ичинен 298 насыя 19 миллион 974 миң сом жоюлса, 38 миллион 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланган.

“Учурда финансылык-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган насыя алуучулардын бардык арыздарын кароону улантууда”, — деп билдирди Улуттук банк.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button