Коом
Искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов дүйнө салды

Кечээ, 8-декабрда оорудан улам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович дүйнө салды.
Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 2014-жылдын 15-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан. Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.
Белгилей кетсек, маркум Чотонов Мамашарип блогер, актриса Айпери Чотонованын атасы.



