Окуялар

Ошко Москвадан учкан аялдын 600 миң рублин уурдаган жүк жүктөгүчтөр кармалды

Ошко Москванын Домодедово аба майданынан учкан аялдын 600 миң рублин уурдап алышкан. Бул туурасында РФ ИИМинин Борбордук федералдык округунун транспорт башкармалыгынан кабарлашты.

Домодедоводогу (Москва) нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарына учкан жүргүнчү аял көздөгөн жерине жеткенден кийин чемоданынын капкагы сынып, андагы 600 миң рубли жоголгондугун билдирип арызданган. Иликтөө иштеринин алкагында аэровокзалдын жумушчулары — перрондук тейлөө кызматынын агенттери (жүк жүктөгүчтөр) кармалган. Алар Москва облусунун 38 жана 40 жаштагы жашоочулары болуп чыккан.

«Аларды кармагандан кийин уурдалган акчанын бир бөлүгү табылды, ал эми бир бөлүгүн жок кылганга жетишкен. Россиянын Кылмыш кодексинин 158-беренесинин («Сүйлөшүп, топтошуп алып ири суммадагы акчаны уурдоо») негизинде иш козголду», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын эки жакка кетпөөсү боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button