Коом

Кыргызстанда 3 645 ишкер өкмөт тарабынан үстөк пайызсыз кредит алды

Финансы министрлиги тарабынан 3 645 ишкер пайызсыз кредит алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган каражаттар өлкөдөгү 11 банк аркылуу үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан бери берилип жатат. Алар — «Айыл банк», РСК, «Керемет банк», «Халык банк», «Доскредобанк», «Азия банкы», «ФинансКредитБанк», «Капитал банк», «Кыргызкоммерцбанк», «Кыргыз-Швейцария банкы» жана «Бакай банк».

Насыяны төмөнкү категорияга кирген ишкерлер ала алат:

насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилет;

акчаны мыйзам чегинде (көмүскө эмес) иш алып барган, салык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор ала алат;

кредиттин мөөнөтү 36 айга чейин;

каражатты ишкерликти баштаганына жарым жылдан ашкандар алат. Бирок айыл чарба тармагына берилбейт;

жылдык акча жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер бир миллион сомго чейин ала алат;

жылдык акча жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер жана юридикалык тараптар үч миллион сомго чейин ала алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button