Коом
Кыргызстанда «Док-1 МАКС» дарысын сатуу токтотулду

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин препарат коңшу Өзбекстанда балдардын массалык өлүмүнө алып келгени кабарланган.
Министрликтин маалыматы боюнча, дары Индиянын Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган. Кыргызстанда 2018-жылы катталган. Ал сасык тумоо жана гриппти дарылоо үчүн колдонулат.
КР Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин маалыматы боюнча, “Док-1 МАКС” препаратына терс реакциялар катталган жок.
@user2



