Коом
Кең-Суу айылына 83 млн сомго бала бакча куруу пландалууда

Түп районунун Санташ айыл аймагынын Кең-Суу айылына 100 орундуу бала бакча куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин Ысык-Көл райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган.
Пландаштырылган сумма 82 млн 940 миң 629 сом, сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 12-январга чейин.



