Коом

Кадамжайда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы балдарга жаңы жылдык маанай тартуулады

2022-жылдын 27-декабрь күнү Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери А. Орозбеков аймагындагы гимназия мектебинде райондук акимдин балатысы өткөрүлгөн иш-чарага катышты. Милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Кутпидин Шакиров жана Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев жаш жеткинчектер менен жолукту.


Жаңы жылдык балатыга район аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жакшы окуган мектеп окуучулары катышты.
Кадамжай РИИБдин начальниги Кожобек Козубаев жаш жеткинчектерди куттуктап, белектерин берди. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы менен майрамдык маанай тартуулоо максатында кичинекей бөбөктөрдү шаар айландырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button