Коом
Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Тешебаев Мурадин Жолдошович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.



