Камчыбек Ташиевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев фигурант болгон иш боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.
Адвокаттын айтымында, сот отуруму айрым айыпталуучулар иштин материалдары менен тааныша электигинен улам кийинкиге жылдырылды.
Ошондой эле адвокат Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин айтты.
18-майда Биринчи май райондук сотунда бул ишке байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, ага Камчыбек Ташиев менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышкан эмес.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш ишин тергеп бүтүп, Башкы прокуратура айыптоо актысын бекиткенден кийин иш райондук сотко жөнөтүлгөн. ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан, сот отурумдары жабык өтөт.
Бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.


