Коом
Бишкектин абасында өтө кооптуу газ бар. Ал күн жылыган сайын көбөйөт
Формальдегиддин пайда болушуна сапатсыз бензин себепкер экенин медицина илимдеринин доктору Рустам Тухватшин айтты.
«Формальдегид Бишкектин абасында нормасынан 5-6 эсеге көп. Ал көбүнчө пластик өндүрүшү бар жерде пайда болгондуктан, Бишкекке кайдан келди деп таң калганбыз. Көрсө буга сапатсыз бензин себепкер экен. Күн жылыганда ыш азайып, бул газ жакшы синтезделип калат«, — деди дарыгер.
Анын айтымында, абанын булганышын азайтуу үчүн күйүүчү майдын сапатын стандартка келтирүү зарыл.
@user2



