Окуялар
УКМК: Таласта кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген адамды «положенец» дайындоо аракети токтотулду — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү А.у.Б.ны Талас облусу боюнча «положенец» кылып дайындоо ниетине бөгөт койду.
Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Талас облусу боюнча ИИБ менен биргеликте КР УКМК тарабынан аталган А.у.Б.ны алып келүү ишке ашырылды.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан ,криминалдык дүйнөнүн идеологияларынан толугу менен баш тартты жана мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.


