Окуялар

УКМК: Эл аралык интернет-алдамчылык борбору жоюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашып, чет өлкөлүк жарандарга карата алдамчылык аракеттерди жүргүзгөн транснационалдык кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлду.

Кылмыштуу аракеттер потенциалдуу жабырлануучуларды этап-этабы менен иштөө принциби боюнча, заманбап маалыматтык технологияларды, атайын иштелип чыккан программаларды жана чет элдик төлөм системаларын колдонуу менен уюштурулган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз киреше алуу издерин жашыруу жана мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн колдонулган компьютердик техниканын, мобилдик түзүлүштөрдүн жана башка техникалык каражаттардын олуттуу көлөмү алынды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн транснационалдык топтун мыйзамсыз аракеттери чет өлкөлүк жарандарга гана карата жасалганы, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына багытталбаганы аныкталды.

Бирок ушул сыяктуу чет элдик кылмыштуу топтордун ишмердигин токтотуу Кыргыз Республикасынын транснационалдык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык аброюн бекемдөө үчүн маанилүү мааниге ээ.

Учурда кылмыштуу топтун ишмердигине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button