Коом
Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну диний- экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркаткандыгы үчүн иши сотко өттү

Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун идеологиясын таратып, материалдарын сактап, өзүнө таандык интернет мейкиндигинде фейсбук социалдык баракчасына таратып жүргөндүгү аныкталган.
Ноокат районунун тургуну 25 жаштагы Т.уулу Ж., кармалган.
Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш -Жаза Кодексинин 332-беренесидеги (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп иши соттун кароосуна өткөрүлдү.



