Коом

Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган. Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button