Коом

Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 32 миң сом айып салынды

Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 32 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-февралда Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Кужур участкасында аталган райондун тургундары эч кандай уруксат кагаздары жок улар атып келе жаткан жеринен кармалган.

Кармалган 2 жаранга 10 миң сомдон 20 миң сом айыппул салынды.

Ошондой эле ал жарандарга «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасынын” негизинде дагы 6 миң сомдон 12 миң сом айыппул салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button