Коом

Жалал-Абадда абак кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду

Жалал-Абаддагы СИЗОнун кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Ички кызматтын кенже сержанты, 21 жаштагы Муратбек уулу Тумарбек Жалал-Абад шаарында өткөн ачык чемпионатта Өзбекстандан келген атаандашын жеңип, 1-орунга ээ болду.

Белгилей кетсек, Муратбек уулу Тумарбек атайын орто билимге ээ. Кыргыз Эл аралык колледжин бүтүрүп, юрист кесибине ээ болуп, учурда №53 тергөө изоляторунда эмгектенет.

Ал 2017-жылдан бери ар кайсы федерациялар тарабынан уюштурулган аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button