Коом

Евробиримдик Кыргызстанга билим берүүнү өнүктүрүүгө 592 млн сом бөлдү

Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда жетишкен натыйжалары үчүн Европа биримдигинен 6 млн евро (болжол менен 592 млн сом) өлчөмүндө гранттык бюджеттик колдоо алды.

Кыргызстандын Финансы министрлигинен билдиришкендей, каржылык колдоо «Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим» (Education Sector Reform Contract, ESRC) программасынын алкагында көрсөтүлдү.

Каражаттар алдын ала берилбестен, өлкө макулдашылган шарттарды аткарып, белгиленген көрсөткүчтөргө жеткенден кийин бөлүнөт. Алынган транш Кыргызстандын европалык өнөктөштөр менен макулдашылган реформалардын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда ийгиликтерге жетишкенин тастыктайт.

Программа мектептик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү системасын өркүндөтүүгө жана окуучулардын заманбап компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган. Негизги артыкчылыктардын катарына STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле экологиялык компетенцияларды жана «жашыл көндүмдөрдү» калыптандыруу кирет.

Алынган каржылык колдоо Кыргыз Республикасында билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүгө жана модернизациялоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Европа биримдиги менен кызматташуу адам капиталын чыңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button