Кара-Сууда балага карата ыплас аракеттерге шектелип бала бакчанын башчысы кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда балага карата ыплас аракеттерди жасоого шектелип, бала бакчанын башчысы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жабыркаган кыздын апасы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлгөн.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген адамдар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Чогултулган материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (“Ыплас аракеттер”) боюнча кылмыш иши козголгон.
1976-жылы туулган бала бакчанын башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал эки айга тергөө абагына камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.



