Коом

3 адамдын өлүмүнө шектелген жаран УКМКнын 9-кызматынан 2021-жылы бошотулган

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран мурда КР УКМКда кызмат өтөгөн деген маалымат ЖМКларга жарыяланганына байланыштуу атайын кызмат төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Өлүмгө шектүү 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген.

2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button