Коом

Бишкекте энелер жана балдар үчүн атайын кабина пайда болду

Бишкек шаарындагы «Адинай» паркында эне жана бала үчүн атайын кабина орнотулду. Долбоордун автору — Instagram тармагында Altynai Dju деген ат менен белгилүү Алтынай Юсупова.

Анын айтымында, шаардагы сейил бактарда эмчек эмизген энелер үчүн шарттар дээрлик жок. Эгер аял баласын көчөдө эмизүүгө ыңгайсыз болсо, тынч отуруп, баласын эмизүү үчүн дүкөн же кафе издөөгө туура келет. Бирок бул бардык эле аялдар үчүн ыңгайлуу эмес.

Юсупованын айтымында, мындай кабина жасоо идеясы мындан бир жылдан ашык убакыт мурун пайда болгон. Долбоорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ижарага алуу, уруксат алуу жана шаардык кызматтар менен долбоорду макулдашууга көп убакыт кеткен.

Кабинаны эмчек эмизген энелер акысыз пайдалана алышат. Ичинде кондиционер, жылуу пол, жалаяк алмаштыруучу стол жана эмеректер орнотулат.Учурда кабинанын даярдыгы болжол менен 80 пайызды түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button