Коом

ЕАЭБде Кыргызстандын төө буурчагына талап өстү

Кыргызстан быйыл январь-май айларында 23,5 миң тонна төө буурчак жана башка чанактуу өсүмдүктөрдү экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 миң тоннага аз.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ошол эле учурда айрым өлкөлөр кыргыз төө буурчагын көбүрөөк сатып ала баштаган. Маселен, Казакстан импортту 5,2 эсеге, Индия 76 пайызга, ал эми Россия 50 пайыздан ашык көбөйткөн.

ЕАЭБге кирген өлкөлөр 7,3 миң тонна чанактуу өсүмдүк сатып алышкан. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 3,1 миң тоннага көп. Башкача айтканда, жалпы экспорт азайганы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатуу кыйла өскөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button