Коом
Кыргызстанда жылына 2 миңдей бала жүрөк кемтиги менен төрөлөт

Өлкөдө жылына 2 миңдей бала жүрөк кемтиги менен төрөлөт. Бул тууралуу Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Дөлөнбек Зарипов радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, төрөлгөн 2 миң баланын 30%ына биринчи айында шашылыш операция жасоо зарыл. Зарипов ошондой эле дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, төрөлгөн балдардын 1% жүрөк кемтиги менен төрөлөрүн билдирди. Кыргызстанда болсо жылына 6–8 миң адам ушул диагноз менен ооруканаларга кайрылат, алардын жарымы балдар.
«Март айынан бери жүрөккө 250 ачык операция жасалды, ал эми жыл башынан бери жалпы 343 процедура жүргүзүлдү», — деди башкы дарыгер.



