Коом

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу  Кыргызстандыктар! Урматтуу Ички аскерлердин аскер кызматчылары, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул күнү биз эркиндикти, көз карандысыздыкты, өлкөдөгү укук тартипти камсыз кылган, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон погончон адамдарды сыйлап келебиз.

Өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ар дайым мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү болуп келген жана боло берет. Өз ишинде милиция жогорку деңгээлдеги тартипти, кылмыштуулукка жана жаңы коркунучтарга каршы турууга даярдыгын көрсөтүп, муктаж болгон ар бир адамга дароо жардамга келүүгө тийиш.

Патриоттуулукка жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоого олуттуу салым кошуп, жаш муунуна берип жаткан кесиптик тажрыйбасы жана билими үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине жана ички иштер органдарынын ардагерлерине терең таазим этебиз жана жылуу сөздөр менен ыраазычылык билдиребиз.

Ак ниет кызматы үчүн Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана  милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Ички иштер органдарынын өздүк курамы улуу муундар койгон мыйзамга жана антка, салттарга ишенимдүү бойдон калуу менен алдыга коюлган милдеттерди ар-намыс менен аткара тургандыгына ишенем.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри

милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button