Коом

УКМК: Оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин  358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button