Коом
ВИДЕО: Өзүн-өзү өнүктүргөн элеттик айымдар

Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл аймагындагы аялдар жамааты 2019-жылы «Все вместе — Баарыбыз биргебиз» аттуу коомдук уюмун түзүшкөн.
Аталган уюм элеттеги аялдардын ар тараптуу көйгөйлөрүн чечүүгө жана ар тармактан өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган.
Кол өнөрчүлүк, кайрымдуулук иштер, калктын аярлуу катмарына кам көрүү жана аялдардын ар тараптан өзүн өзү өнүктүрүү жана башка. Кененирээк маалыматты уюмдун башчысы Гульбара Самсалиева айым видеодо кененирээк айтып берди.
Эжелердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып абдан ыраазы болдум жана сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Бар болуңуздар ардактуу айымдар!
Даярдаган: Саид Рахман



