Маданият

Ар ишембиде Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кече өтөт

Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кечелердин сезону ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ачык асман алдында атайын концерттик программа уюштурулат.

Бүгүн, 19-июнда көрүүчүлөргө «Кыргыз руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли өз өнөрүн тартууламакчы.Ал эми эртең, 20-июнда чыгармачылык эстафетаны «Доор» фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли улантат.

Концерттин программасында ар улуттун маданий көп түрдүүлүгүн жана каада-салттарынын байлыгын чагылдырган элдик ырлар, вокалдык чыгармалар жана бий номерлери орун алат.

Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө башталып турат.

Тектеш кабарлар

Back to top button