КоомОкуялар

«Эмнеге түндө көчөгө чыкпайсыңар?». Сузакта 8-класстын окуучусу сабалып, көз жумду

Сузак РИИБдин 102 кызматына Сузак районунун тургуну чалып, 1-март күнү саат 16:30 чамасында иниси Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу, Сузак районунун тургуну 2008-жылы туулган тургуну, өзү окуган мектептин аймагында өзүнө сырттан тааныш болгон балдар уруп денесине залал келтиришип, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, ал эми окуучу Сузак районуна караштуу Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Бул маалымат 1-март күнү Сузак РИИБге катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип фототаблицасы түзүлгөн. Ал эми 2008-жылы туулган окуучунун жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 1-март күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде Сузак районунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылынын тургундары, Сафаровка айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын 4 окуучусу ошол эле мектептин 9-классынын 5 окуучусун бир катарга тизип алып “эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, 2008-жылы туулган окуучу денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча Сузак районунун тургундары 2006-жылы туулган Д.М., 2006-жылы туулган Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана 2007-жылы туулган А.Ө. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button