Улан Ниязбеков Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу Академиясынын окуу процесси менен таанышты

2024-жылдын 3-июунунда Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Россияга болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкаруу Академиясынын окуу процесси менен таанышты.

Академияга баруу учурунда Улан Ниязбеков Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу Академиясынын башчысы полициянын генерал-лейтенанты Сергей Синенко менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Тариель Абитов, Кыргыз Республикасынан КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча Бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев жана ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү Исмайыл Сагыналиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков жана Россиянын ИИМдин Башкаруу Академиясынын башчысы милициянын генерал-лейтенанты Сергей Синенко Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эки министрликтин билим берүү окуу жайларынын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандык делегация Академиядагы окуу процессинин уюштурулушу менен таанышты. Мындан тышкары, Улан Ниязбеков Россиянын ИИМдин Академиясында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМдин угуучулары менен жолугушту. Академиянын жетекчилери Кыргызстандын ИИМден 9 окуучу, алардын жетишкендиктери тууралуу кыскача токтолуп, жакшы пикирлерин айтышты жана аларды мыкты жагынан мүнөздөштү. Кесиптик окутуу программаларын өздөштүргөн мекендештерибиз жашоо шарттары тууралуу маалымдашты. Иш сапардын жүрүшүндө окуу, турак-жай жана башка маселелер айтылды. Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Башкаруу Академиясында болгон жолугушуу мындан ары өз ара кызматташунун жаңы форматтарын да аныктады.



