Коом

Октябрь РИИБинин башчысы баш болгон кызматкерлер 2 айга камакка алынды

Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу  Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 21-декабрга чейин камакта болот.

Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынды.

Жогорудагы кызматкерлер Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына шектелүүдө.

1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда «алдамчылык» фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button