Коом

Ош шаарында курулушу башталган мектептердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.

Иш-чара мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Бүгүн Ош шаарында төмөнкү долбоорлор башталды:

  • 1200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин (мурунку аталышы — Карл Маркс) жаңы имаратынын курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
  • С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектептин имараты 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 7 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • М.В.Ломоносов атындагы №3 орто мектебинин эски имаратын бузуу менен жаңы имараттын курулушу. Мектеп 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар;
  • Ак-Буура конушунда 800 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
  • «Эне-Сай» жаңы конушунда 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
  • Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу. Мектеп 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button