Коом
Садыр Жапаров ИИМге жол инспекторлорунун ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Буга жол эрежесин бузгандарга жазанын катаалдашы себеп болду.
«Президент жол инспекторлору тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырды», — деди маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.
Эске салсак, 8-мартта эреже бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам күчүнө кирген.



