Коом

УКМК: “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмундагы “аялдар канатынын” жашыруун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды, анын мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т., “М.Г. жана “М.Н. камакка алынып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button