ДүйнөСпорт

Кыргызстан менен Омандын беттешинде кувейттик Ахмад Алали калыстык кылат

2023-жылкы Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында Абдулла Жамали (Кувейт) жана Эванс Шоун (Австралия) иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button