Коом

Саламаттык сактоо министрлиги челлендж баштады

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги «Таза кол — таза суу — таза айлана-чөйрө» аттуу челленджди баштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, катышуучулар 40–60 секунддук кыска видеоролик даярдашы керек. Анда төмөнкү аракеттердин бири же бир нечеси мотивациялык мааниде көрсөтүлүшү зарыл:
кол жуу;
таза сууну колдонуу;
айлана-чөйрөнү таза кармоо.

Роликте сөзсүз түрдө кампаниянын урааны колдонулушу керек: «Таза кол — таза суу — таза айлана-чөйрө».

Даяр болгон видеону 1-майдан 1-декабрга чейин социалдык тармактардагы расмий баракчага жарыялоо талап кылынат.

Текстте гигиенаны сактоонун мааниси кыскача түшүндүрүлүп, «Челленжди өткөрүп берем…» деген сөз айкашы кошулуп, эки-үч уюм же катышуучу белгилениши зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button