Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-12-декабрда жумуш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.



