Коом
Түндө Бишкекте “Алькони” заводунан ири өрт чыкты
ӨКМдин маалыматы боюнча, саат 03:10до Тунгуч кичи районунда тез бышыруучу кесме чыгарган заводдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Соцтармак колдонуучулары өрттүн алдында заводго жакын жайгашкан “Аю гранд” тараптан катуу үн чыкканын жазышкан.
Өрт дагы деле уланып, жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, 3500-4000 чарчы метр жер өрттөнүүдө.



