Коом

Нарында милиция кызматкери болууну каалагандар сынак тапшырууда

Нарын облустук ички иштер башкармалыгында сынак жүргүзүлүп жатканын аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраагы, тандап алуу Нарын облустук ички иштер органдарынын орто жана улук жетектөөчү, ошондой эле катардагы кенже жетектөөчү курамдын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү үчүн жарыяланган.

Ички иштер органдарына жаңыдан жана кайрадан кабыл алынып жаткандардын адеп-ахлакты, таалим-тарбиялуулукту өзүнө бекем сакташы, жогорку моралдык ченемдерди туу тутушу маанилүү экени белгиленди.

Катышуучулардын көптүгүнө байланыштуу талапкерлерди үч топко бөлүп, тагыраагы, 2023-жылдын 29-мартынан тартып тандап жатканын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button