КоомСпорт

Бишкекте велосезон ачылды

Бишкекте кечээ, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата «Велосезон-2023» ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багына чейин уланды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн шоу-программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, “Velofriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button