Коом

Журналист Нургазы Анаркулов: “Адахан Мадумаровдун чыккынчылыгы документтер менен далилденип турат”

Бүгүн депутат Адахан Мадумаров ИИМ тарабынан кармалганы  боюнча маалымат  тарады.  Бул маалыматка утурлай Адахан Мадумаровдун эмне себептен камалганына, анын буга чейинки Кыргызстан мамлекетине  жасаган туура эмес саясий чечимдери боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.

Белгилүү журналист Нургазы Анаркулов  фейсбук баракчасына Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча далилдүү фактыларды келтирип, жеке пикирин билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун камалышын айрым билермандар саясий куугунтукка байланыштырып жатышат.

Мына ошол билермандар Мадумаровдун кечээки кыргыз элине, жерине кылган кыянатчылыгын унутуп калыштыбы?

Казакстанга, Тажикстанга тартуу кылып жиберген жерлерин эмнеге айтпайбыз?

Жеке мен, башкасы бир тең, а бирок, Төрт-Көчө аймагындагы 275 метр стратегиялык маанилүү аймакты протокол түзүп, тажиктерге таандык кылып моюнга алып, кол койгонун эч качан кечире албайм! Анткени, мына ошол талаштуу аймакта Мадумаров кол коюп, протокол түзгөндон баштап ызы-чуу улам өөрчүп жүрүп, акыры Тажикстандын толук кандуу кол салуусуна чейин жетти. Элүүдөн ашуун чек арачы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери окко учту, үйлөру өрттөнүп, канча эл тентиди? Бул кылмышты кечирүүгө болобу? Албетте, жок!

Ошол кылмышы аз келгенсип, Мадумаров тажиктерге аткезчилик жүк ташыган контрабандачыларды коргоп, парламентте колун кезеп, акылдуу болгонучу?

Деги, айтыңызчы, окурманым, Адахан Мадумаров элге эмне жакшылык кылды эле? Мамлекетти тим коёлу, өзүнүн айылына бир түп терек отургуздубу?

Бир саат мурун Камчыбек Ташиев чыккынчыларга аёо болбостугун жазып чыкты. Бул эскертүү Мадумаровго дагы тийиштүү болушу керек. Анткени, анын чыккынчылыгы документтер менен далилденип турат, — деп жазды Анаркулов.

Журналисттин жазган пикирине Адахан Мадумаровдун кармалышы туура болгонун жана мыйзам алдында жооп бериши керектигин жазгандар болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button