Коом
Россия берген 202,5 тонна байытылган ун Ошко жеткирилди

Азык-түлүк Кыргызстандын түштүк борборундагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилди. Ал социалдык долбоорлорго катышкан 4,6 миң тургунга бөлүштүрүлүп, ун менен кошо өсүмдүк майы берилет.
2024-жылы Россиядан дагы 6,4 миң тоннага чейин азык-түлүк жардамы келери күтүлүүдө. Өткөн жылы 4,5 миң тонналык азык-түлүк келген.



