Коом

Раззаков шаарына 26 миллион сомго заманбап мал базар курулду

Раззаков шаарына 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бастырмаларды куруу, астына асфальт төшөө иштери аяктап, административдик жана чарбалык имараттар курулуп, таза суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын тартуу, жарыктандыруу, базарга кирүү жана чыгуу жолдору жасалып, айланасы бетон тосмолору менен тосулду. Курулушка жалпы 26 млн сом жумшалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button