Коом
2023-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулайт
Тиешелүү токтомго Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңыланган тариф боюнча баалар төмөнкүдөй болот:
Электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда мурдагыдай эле болот – 2,16 сом/кВт.с
Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы баа сакталат (лимит 700 кВт.с )— 1 кВт.с үчүн 50 тыйын
Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн — 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү



