Коом

УКМК: Ош облусунун аймагындагы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун жетекчилери аныкталды

Экстремисттик топтордун аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ош областынын аймагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин диверсиялык иш-аракеттерине  бөгөт коюлду.

 “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), СД дисктери (10 даана), флеш- карта, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынды, алар диний экспертизага жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча айыптоо чаралары каралат.

Учурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси улантылууда, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button