ДүйнөКоомОкуялар

Казакстанда эки кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 11 адам жаракат алды

«Казакстандагы Жанаозен шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ баллон жарылып, анын кесепетинен подъезд кулап, адамдар жабыркады, — деп билдирет Tengrinews.kz.

Окуя бүгүн, 17-апрелде Астана убактысы боюнча таңкы саат бештер чамасында 2-кичи райондо 12 батирлүү эки кабаттуу үйдө болгон. Газ баллондун жарылышынын кесепетинен 150 чарчы метр кире бериш бөлмө кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, 11 адам жабыркап, алар медицина кызматкерлерине өткөрүп берилген. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button