Коом

«Сосновка» посту ачылып, транспорттун бардык түрү өтө баштады

Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда транспорттун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрель саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалар каттамга коё берилди.

«Азыркы тапта жолчулар атайын техника менен жолду тазалап, инерттик материалдарды чачып жатышат. Күн бүркөк, бороон басыла элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу максатында кечээ, 17-апрель түнкү саат 02:00дөн тарта «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга, ал эми 14:40та жеңил машиналарга кошо убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылган. Тынымсыз тазалоонун аракетинде кечинде жеңил унаалар үчүн каттам ачылып, кыймыл жанданган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button