Коом
Бишкек шаарына 145 жыл. Майрамдык иш-чаранын программасы

Бишкек шаарынын 145 жылдыгын белгилөөнүн урматына борбор калаанын мэриясы тургундар жана коноктор үчүн майрамдык программа даярдады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-апрелде (Шаар күнү) саат 18.00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт уюштурулат.
Мындан тышкары, 27-28-апрель күндөрү концерттер жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү:
- 27-28-апрелде Фучик атындагы сейил багындагы Диалог маданият үйүндө концерт жана сынактар өтөт.
- 28-апрелде саат 11.30да Тоголок Молдо аянтында “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу китеп көргөзмөсү болот.
- 28-апрелде саат 18.00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында мэриянын маданият башкармалыгынын “Семетей”, “Доор” чыгармачыл жамааттарынын концерти болот.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда тең өткөрүлмөкчү.



